Өзгөчө ыссык аба ырайы эгиндерди кууратты

2019-жылдын июль айындагы аба ырайынын өзгөчө ыссышы эгиндерге агын суунун жетишсиздигин пайда кылды. Насос менен суугарылуучу Терек-Суу айылындагы Барчын, Ууру-Сай участкаларындагы 30га ашык жердеги эгиндер куурап калды.
Бул жерлер Терек-Суу айылынын тургундарына 1962-1970-жылдары Токтогул суу сактагычынан көчүрүү мезгилинде бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн жерлер кумдак келгендиктен сууну көп талап кылып, ыссык аба ырайы болгон жылдары суу жетишпей эгиндер куурап түшүм бербей калат.

Жогоруда бир нече адамдын дан эгиндери мисал катарында көрсөтүлдү. Мындан башка да 15га чөп чабындылар (беде), 5га картошка, 2га жашылча жемиштер, күндүн ыссыгынан жана суунун тартыштыгынан куурап калган.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

«Музей түндөрү» иш чарасы өткөрүлдү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында жайгашкан «Коргол Досуев» атындагы музейинде 1-жолу «Музей түндөрү» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Токтогул райондук администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Жайылов, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Илияз Чороев жана Токтогул райондук мекеме жетекчилери катышты.
Иш-чара концерттик программанын коштоосунда жогорку деңгээлде уюштурулду. Саат 18:00 башталып, 23:00 аяктады.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Терек-Суу айылындагы коопсуз бала бакча

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы №5 «Кызгалдак» бала бакчасына «2019-жыл өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында видео байкоолор орнотулду.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Орто Азиядагы эң ири Токтогул ГЭСинин тарыхы

Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке бериле баштаган. Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Токтогулдун балы эмнеге бааланат?

Дүйнө жүзү боюнча тоонун балы эң мыкты бал экендиги белгилүү. Мамлекетибиздин жалпы аймагынын 90% тоолор түзөт, ал эми 10% тоолордун этектери жана түздүктөр ээлейт.
Бал аары деңиз деңгээлинен канчалык бийик жерде болсо ошончолук баркталат. Кыргыз жеринде даарылык касиети бар чөп гүлдөрдүн бардыгынан бал топтолот.

Аарылар балды топтоп үстүн жапкандан кийин (мом менен) ал балды кеминде 100 жылдан ашык эмалданган идиште сакталаарын аныктап келишүүдө.
Аарылардын мом уясына (Сота) бир дагы микроп жолой албайт. Бал менен кошо чайнаса Ангина, бронхит, тиш ооруларына пайдалуу.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Дилде апанын кирешелүү тоок фермасы

Даярдагандар: Гүлниза Бекбосунова, Арууке Бексултанова

Жүгөрү – эрте картаюунун алдын алат!

Жүгөрү чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу Е витамининин казынасы. Нерв системасын бекемдөөчү В витаминин, иммунитетти көтөрүүчү С, сөөктү бекемдөөчү Д витаминин жана темир, калий, кальций жана магний сыяктуу пайдалуу заттарды өзүнө камтыйт.

Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Жүгөрү эксеңиз канча пайда табасыз?

Жүгөрү илгертен тамак-ашка жана малга тоют катары кеңири колдонулуп келет, учурда дүйнөдө эң популярдуу дан өсүмдүгү. Жугорунун даны жана сабагы менен сотосунан даярдалган силос малга өтө баалуу тоют болуп эсептелет. Мындан башка кант жүгөрүсү да бар, аны кансервалап же чийки жесе да болот. Кууруганда барсайып жарылуучу жүгөрүдөн бадырак кууруса балдар аны жакшы жейт.
Кыргызстанда эгилүүчү негизи сорттор: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, ВИР 42.

Эгер жүгөрүнүн түсү ачык сары, көлөмү чоң жана узун эмес болсо, ал эми дандары бир сапта түз жайгашса, анда ал нормалдуу болуп саналат.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Электр энергиясын үнөөмдөнү үйрөнүңүз!

Көпчүлүк мекендештерибиз бир нече ай бою бир бөлмөдө кыштап чыгат. Беш бөлмөлүү үйү болобу, он беш бөлмөлүү болобу, баары бир бир бөлмөнү гана жылытышат. Бир кышта колунда барлары жарым миллион сомго чейин энергия жакса, эң жарды дегени 10-15 миң сом коротот. Бирок өлкөдө энергияны эффективдүү пайдалануу маданияты төмөн болгондуктан, үйдү жылуулап алгандын ордуна кыштан үшүп чыкканга туура келет же акчанын күчүнө салышат.
Адистердин эсептөөсүндө үйлөрдү жылуулоо менен 40 пайыз энергияны үнөмдөп калса болот.

Отунду ашыкча керектөө атмосферага күйүүдөн пайда болгон таштандылардын бөлүнүп чыгуусун көбөйтөт, адамдардын жашоо чөйрөсүн начарлатат.
Жалаң электр энергиясы менен жылытууда электр тармактарына түшкөн басым өсүп, авариялык кырдаалдарды жаратып, маал-маалы менен өчүрүү зарылчылыгын пайда кылат.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Айыл өкмөт башчылары буга чейин кандай иштеп келишти?

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат”. 2006-2019-жылга чейин Кетмен-Дөбө айыл аймагында кандай жетишкендиктер болгон, башкача айтканда айыл өкмөт башчылары тарабынан кандай жумуштар аткарылгандыгы тууралуу таанышып алыңыз.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов